Депутат Жураев Транспорт министрлигин сындады

Мезгил

Ушу тапта Ош-Баткен-Исфана автожолунун бир дагы участкасында жумуш жүргөн жок. Бир жериндеги асфальтты сыйырып салыптыр, азыр ошого суу чачып коюп отурушат. Транспорт жана жол министрлиги алдынала пландаштырганына карабастан, Исфайрам дарыясындагы көпүрөнүн курулушу 19 айдан бери токтоп турат. Кура албагандан кийин пландаштырып эмне кылабыз? Ойлонуп иш кылыш керек да. Бул тууралуу депутат Сайдолимжон Жураев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ачыгын айтыш керек, Транспорт жана жол министрлиги – эӊ коррупциялашкан орган. Эсептөө палатасы текшерүү жыйынтыгында 2017-жылы 351 млн сом көлөмүндө каржы тартиби бузулганы аныкталганын билдирди. Андан мурдагы жылдарда да ушундай бузуулар болгон. Ал эми анын министри азыркыга чейин билмексен болуп отурат. Ага карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Ошондуктан, министрдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулук маселесин караш керек», – деди эл өкүлү.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *