Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын 2-апрелде угат

Мезгил

Депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин Жогорку Кеӊештин 2-апрель күнү өтө турган кезектеги жыйынында Өкмөттүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында   13-мартта  Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда уга турган болду.  

 Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 19-мартта өткөн жыйынында Өкмөттүн бул маселе боюнча маалыматын жабык эшик артында угуп, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун талкууга алган. Андан тышкары, Өкмөткө кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу жаатында бир катар сунуштамалар менен тапшырмаларды берген эле.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *