Депутаттык комиссия: “КТ Мобайл” боюнча премьер-министрдин моралдык жоопкерчилигин каралсын”

  Мезгил

“КТ Мобайл” ишканасынын айланасындагы чуулгануу чыр бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет. Ал эми кечээ депутаттык комиссия бул тууралуу өз корутундусун чыгарды. Анда  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилигин кароо керектиги белгиленди. Комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев териштирүү боюнча баяндама жасап, “КТ Мобайл” компаниясындагы мыйзамсыз иштерин айтты. Буга ылайык төмөндөгүдөй тыянык чыгарылган:

– “КТ Мобайл” ЖЧКны жана Альфа Телеком ЖАКтын ортосундагы түзүлгөн келишиминин негизинде виртуалдык оператор түзүү чечими туура болгон деп белгиленсин;

– “КТ Мобайл” ЖЧКнын ишмердиги боюнча КР өкмөтүнүн аппаратынын, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун, “Кыргызтелеком” ААКтын, “Альфа телеком” ЖАКтын ишмердигине Иманкадыр Рысалиевдин тикелей кийлигишкендиги аныкталгандыктан премьер-министр Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын.

Мындан сырткары, Депутаттык комиссия премьер-министрге бир катар сунуштарды берип, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин директору Нурлан Смановдун жоопкерчилигин кароону белгилешкен.

Андан сырткары, Башкы прокуратурага да бир катар сунуштар берилген. Эсеп палатасынын аудиторлорунун “КТ Мобайлдын” каржы-чарбалык ишин талдоо боюнча маалым катында көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга укуктук баа берүүнү сунуштаган. Депутаттык комиссиянын токтомун 91 депутат колдогон.

Эске салсак, “КТ Мобайл” мамлекеттик ишканасынын чырдуу иштери буга чейин белгилүү болуп, депутаттык комиссия түзүлгөн. Ошондой эле жетекчилиги иштебей жатып көп маяна алганы, директордун орун басары премьер-министрдин бажасынын баласы экени аныкталган. Компаниянын айланасындагы чырдан улам жетекчиси кызматтан кеткен. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *