Мезгил
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш боюнча кыргызстандыктар 9 медаль багындырышты.
Мелдештерге 35 мамлекеттен келген 145 балбан катышып, эркектер жана кыз-келиндер 6 салмак категориясында күч сынашты.
Жогорку даражадагы сыйлыктарга Эсенбек Кудайбердиев жана Нурзат Бактияр кызы татыды. Ошондой эле биздин капчыкта 3 күмүш жана 4 коло медалдар топтолду.
Булак: Мезгил Ньюс