Мезгил
Бүгүн, 3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдеш старт алды. Алгачкы беттеште Кыргыз курамасы Монголияга каршы күч сынашты.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Монголдорду баш көтөртпөй, 29:5 эсебинде жеңип алды.
Учурда Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндары өтүп жатат.
Булак: Мезгил Ньюс