Мезгил
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күздүн эң популярдуу туристтик иш-чаралардын катарына кирди. Бул тууралуу Тур Стат сайты жарыялады.
Маалымдалгандай, Кыргызстанда 2-сентябрда башталуучу турнир эң мыкты окуялардын үчилтигинде.
Андан тышкары, Москва облусунда өтө турган “Бородин күнү” аскердик-тарыхый фестивалы жана Нижний Новгороддогу “Чеберлердин сыры” аттуу элдик кол өнөрчүлөр фестивалы лидерлер болду.
Эске салсак, Ысык-Кол жээгинде өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин созулат.
Булак: Мезгил Ньюс