Мезгил
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө медалдык эсепте Казакстан алдыда бара жатат.
Учурда Казакстандын капчыгында 7 алтын жана күмүш, 5 коло медаль бар.
Экинчи орунда Кыргызстандын командалары турат. Өлкө капчыгында азыр 5 алтын жана күмүш, 8 коло медаль топтолду. Үчүнчү орунда Түркмөнстан келе жатат.
Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталган. Учурда спорттук жана маданий иш-чаралар Кырчын жайлоосунда уланууда.
Булак: Мезгил Ньюс