ДКО: Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы оюнга катышмай болду

Мезгил

Буга чейин маалым болгондой, Казакстандын курама командасы “көкпар” эрежеси боюнча ойнойбуз деп  көк бөрү боюнча оюн талаасына чыгуудан баш тартышкан. Алар  мунун себебин  оюндун эрежелерине макул эместиги менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми бул тууралуу Казакстандын курама командасы боюнча  Көк бөрү федерациясынын  башкы калысы Табылды Асыгалиев   буларды билдирди.

“Алар  биздин “тай казанды алып салгыла” деп өзүлөрүнүн шартын коюшкан. Учурда эки мамлекеттин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле   Көчмөндөр оюндарына келген Казакстандын  делегациясынын жетекчилери менен  да сүйлөшүүлөр болуп,  казак курама командасы кайрадан оюнга чыкмай болду.

Ал эми “начар аттарды берип койдуңар” деп айтышкандыктан атайын Сокулуктан “Сары-Өзөн-Рассвет” командасынын аттарын миңгизип ойнотолу деп жатабыз деди” – Асыгалиев.

Ал эми эртең Казакстандын курама командасы оюн талаасына чыгаары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы оюн таласына чыгуудан баш тартышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *