Мезгил
Учурда 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын бүгүн 5-күнү. Анда медалдардын санынын эсеби боюнча Кыргызстан алдыда келе жатат.
Өлкө куржунунда жалпы 60 медаль бар. Анын 26сы алтын, 18и күмүш, 16сы коло.
Экинчи орунга Орусия командасы 36 медалы (13 алтын, 8 күмүш, 15 коло) менен чыкты. Үчүнчү орундагы Казакстанда 32 медаль бар, анын 11и алтын, 15и күмүш, 18и коло.
Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (23 медаль), Иран (10 медаль), Украина (8 медаль), Монголия (8) Өзбекстан (24), Венгрия (6) жана Болгария (2) командалары турат.
Булак: Мезгил Ньюс