ДКО: Португалиядан келген конок. “Көк бөрү мага абдан жакты”

Мезгил

Көчмөндөр оюндары учурда кызуу жүрүүдө. Ал эми чет жактан келген коноктор Кыргызстандын сулуулугуна суктанып бүтө албай жатышууда.

Португалиядан келген конок Жорж Валенте аттуу жаран Кыргызстан абдан меймандос экендигин жана жаратылышынын кооздугу аны суктандырганын айрыкча ага көк бөрү, эр эңиш оюндары абдан жакканын айтты.

Мен бул жака биринчи ирет келип жатам. Кыргыз эли мени абдан таң калтырды, жаратылышынын кооздугу өзгөчө экен, айрыкча мага аттар абдан жакты. Меймандостугу да өзгөчө экен дейт.”

Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Атада 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүдө. Ал 8-сентябрга чейин уланат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *