Дубалатып алгым келди. Жаш кызга ашык болгон мырзанын сыры

     Мезгил

Жашы 50гө чамалап калган киши мындан  4 жыл мурун бир жаш кызга ашык болгонун айтып сырын бөлүштү. Анын айтымында ал   ата-энеси тандаган кызга үйлөнүп, бирок башка кызды жактырып калган. Ал  жүрөгүгүндө жашаган адамды унута албай, сырын инстаграм баракчасына бөлүшкөн.

      Мындан бир нече жыл мурун сүйүктүүсү бар бир кызга көзүм түшүп  ашык болдум. Жумушума байланыштуу ал кыз мага келип калды. Мен аны көргөндө эле башкача сезим курчады. Анын жумуштары бүткөн соң, калп эле бир нерсеге шылтоолоп бийкечти түштөнүүгө чакырдым. Ал дароо эле макул болбогону менен айтор аны көндүрдүм. Экөөбүз жөн гана сүйлөшүп отурдук. Ал ансайын мени өзүнө арбап алды.

Бир күнү мага  байланышып, жардам керек экенин айтты. Мен ушуну эле күтүп тургансып, кубануу менен дароо эле макул болдум.   Эмнегедир ал кыз такыр оюман кетпей калды. Күндө телефонуна түрлүү смстерди жөнөтүп турдум.  Убакыттын өтүшү менен ал мага смс жазбоомду суранып, бул үчүн жигити экөө урушкандыгын  айтты. А бирок кайдан мен аны оңой эле унута албадым.

    Жубайым курбусу экөө ошол кыз менен жазышкандарымды окуп коюптур. Үйдө жаңжал чыкты. Мен аялыман кечирим сурабастан ажырашалы деп айттым. Бирок ал ыйлап, мени сүйөөрүн, мени кечирээрин айтты. Айла жок ошентип урушуп-талашып жатып акыры аялым менен элдештим. Бирок берки жаш кызды такыр эле унута албай койдум. Үзүлбөгөн үмүтпү айтор  4 жылдан бери ошону  эле карап, эмне кылып жүргөнүн билип турам.  Жакында эле турмушка чыкканын угуп, башыман муздак суу куюп жибергендей эле болдум.   Ага эч нерсе болбогондой, куттукттоо сөздөрүн жаздым. Анткен менен ошол күндөн бери өз өзүмө келе албай жүрөм. Мындай катуу сүйүп калаарымды өзүм деле ойлобоптурмун. Чынын айтсам, кээде туруп аны өзүмө каратуу үчүн дубалатып алууну да ойлодум. Бирок буга бара албадым.

  Кийин уксам, ал мага ошол кезде  жигитим бар деп калп айтыптыр.   Ал башка бала менен таанышып ошого турмушка чыгыптыр. Азыр бактылуу экен. Канчалык аялыма тартылып тиги кызды унутайын дегеним менен бирок баары бир жүрөктө жашай берет экен.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *