Дзюдочу Юрий Краковецкий кезектеги мелдеште күч сынашат

  Мезгил

Кыргызстандык эки дзюдочу Zagreb Grand Prix эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу   Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

 Маалым болгондой, турнир 26-28-июль күндөрү Загреб (Хорватия) шаарында болот. Ага чейин дзюдочулар Голландия шаарында бир жумалык машыгуу өткөргөнү айтылат.

Турнирге Юрий Краковецкий менен Болот Токтогонов катышат. Экөө тең 100 килограммдан жогору салмакта күч сынашып келет. Спортчуларды машыктыруучу Сергей Мистрюков коштоп барат.

Командага Спорт агенттиги тарабынан 608 миң сом бөлүнгөн.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *