Мезгил
Эңилчекте кырсыктаган аскердик тик учак боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.
Маалым болгондой, вертолеттун эмне себептен өз багытында колдонулбаганы иликтенип жатат.
Анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр жоопко тартылат. Бул окуя боюнча дайындалган экспертиза жакын арада даяр болот. 9-июлда Түштүк Эңилчек мөнгүсүндө альпинисттерди куткарууга барган аскердик тик учак кулап түшкөн.
Кырсык учурунда учакта алты адам болгон, анын төртөө жабыркаган.
Булак: Мезгил Ньюс