Эфиопияда кыйраган учактын “кара кутусу” табылды. Жергиликтүү басылмаларжазышууда.
Анда айтылгандай, “кара кутуларга” жазылып калган маалыматтын негизинде кырсыкка эмне себеп болгону иликтенет.
Белгилей кетсек, «Ethiopian Airlines» авиакомпаниясына таандык учактын бортунда 157 киши болгон. Кырсыктан эч ким аман калган эмес. «Боинг-737» Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндөн кийин кырсыкка кабылган.