Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү башталды

   Мезгил

Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна турнир старт алды.  Маалыматка ылайык, Республикалык мелдештер бүгүн Чолпон-Ата ипподромунда ачылат.

Эртең менен саат 10до 1-лиганын командалары күч сынашып баштайт. Бул категорияда 15 курама бар.

Ал эми Жогорку лиганын командалары бүгүн чүчү кулак тартып, оюндары эртеңкиге белгиленген.

Бул лигада 6 команда:  “Достук”, “Сары-Өзөн”, “Сары-Өзөн Рассвет”, “Көл-Төр” жана “Кара-Буура”. Финал 31-августта өтөт.

Белглией кетсек, эгемендүүлүк күнүнө  карата жыл сайын салтка айланган көк бөрү өтүп келет. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *