Эгемендүүлүк күнүнө карата Көк-бөрү боюнча мелдеш 26-августта старт алат

Мезгил

Эгемендүүлүк күнүнө карата Көк-бөрү боюнча  республикалык турнир 26-августта старт алат. Ага жогорку лигада  6 команда катышат.

 Башкы кубок үчүн “Достук”, “Ынтымак”, “Сары-Өзөн”, “Көл-Төр”, “Сары-Өзөн Рассвет” жана “Кара-Буура” командалары ат салышат.

 Белгилей кетсек,  31-август Эгемендүүлүк күнүнүн урматына  Президенттин кубогуна турнир 26-августтан 31-августка чейин Чолпон-Атанын ипподромунда өтөт.

Эске салсак, Былтыркы кубокту Таластын «Бакубат Талас» командасы багындырган. Бул Көк-бөрү боюнча  республикалык турнир жыл сайын өтүп турат. 

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *