Эгемендүүлүккө 28 жыл. Алмазбек Акматалиев: Кээде аша чаап, кээде чала чаап коюп жатабыз, аны моюнга алалы!

   Мезгил

Быйыл 2019-жылы эгемендүүлүктү алганыбызга 28 жыл толду. Чейрек кылым аралыгында өлкөбүз эркиндикке жеткен суверендүү эл катары, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген ажайып мамлекет бар экендигин таанытып, 28 жыл ичинде чыйралып, мамлекет өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү десек да болчудай. 

Советтер союузу кулагандан кийин Кыргызстан да башка өлкөлөр менен катар саясий эгемендүүлүккө жетишти. Легендарлуу парламент тарабынан адегенде эгемендүүлүк тууралуу декларация, андан соң 1991-жылы 31-августа көз карандысыздык тууралуу мамлекеттик мыйзам кабыл алынды.

Ата-бабаларыбыз эңсеп келген Эгемендикке жеткенден бери Кыргызстан эмнелерге жетишип, эмнеден артта калды. Бул тууралуу Кыргызстандагы саясатчы, коомдук ишмерлер  эмне дейт?

  Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев бул боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

-Эгемендүүлүктөн эмне таптык?   Эгемендүүлүк бул биздей улуттар үчүн  табигый нерсе деп түшүнүш керек! Бул бир приз же байге эмес, бул эрдик үчүн берилген орден же медаль эмес. Бул биздин улут катары ички табиятыбыз!  Биз өзүбүздүн табиятыбызды таптык! Ошол тарыхий табигый макамыбызга кайтып келдик.  

Биз ошол эгемендүүлүк аркылуу жоопкерчилике ээ болдук! Мойнубузга милдет жана парзды жүктөдүк! Намысыбыз кайра колубузга тийди. Бүгүн бүт дүйнө бизди дүрбү менен “бул тентек кыргыздар дагы эмне болуп кетээр экен деп бизди карап тургандай.

  Биздин тентектигибиз бул эркиндикти сүйгөнүбүздүн уландысы! Бул биз кул боло албайбыз дегендин далили! Бул өзүбүздүн тагдырды өзүбүз чечебиз деген терең ишеничтин белгиси!

Кээде аша чаап, кээде чала чаап коюп жатабыз, аны моюнга алалы! Эң негизгиси сасып жаткан жокпуз, тытынып өз жолубузду табуунун түйшүгүн тартуудабыз. Арыбайлы, чарчабайлы, бөлүнбөйлү. Жараткан колдосун-дейт Айкматалиев.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *