Эгемендүүлүккө 28 жыл. Кадыр Кошалиев: Эгемендиктин кунар баасын баалай албай жатабыз

   Мезгил

Быйыл 2019-жылы эгемендүүлүктү алганыбызга 28 жыл толду. Чейрек кылым аралыгында өлкөбүз эркиндикке жеткен суверендүү эл катары, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген ажайып мамлекет бар экендигин таанытып, 28 жыл ичинде чыйралып, жетишкендиктерибизда, кемчиликтерибизда болду десек болот. 

Советтер союузу кулагандан кийин Кыргызстан да башка өлкөлөр менен катар саясий эгемендүүлүккө жетишти. Легендарлуу парламент тарабынан адегенде эгемендүүлүк тууралуу декларация, андан соң 1991-жылы 31-августа көз карандысыздык тууралуу мамлекеттик мыйзам кабыл алынды. Ата-бабаларыбыз эңсеп келген Эгемендикке жеткенден бери Кыргызстан эмнелерге жетишип, эмнеден артта калды. Бул тууралуу Кыргызстандагы саясатчы, коомдук ишмерлер  эмне дейт?

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев Эгемендиктин кунар баасын баалай албай жатабыз деген ойдо  

 –Ата-бабаларыбыз эңсеп келген Эгемендикке салыштырмалуу жеңил желпи жеткендигибизден улам анын кунар баасын баалай албай келе жатат окшойбуз. Эл-жерибизде айып жок, мамлекеттин жүгүн тарткан жетекчилерге жарыбай келе жатабыз. Келечекте Кыргызстан өнүккөн өлкөгө айланарына ишенем-дейт Кошалиев.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *