Эгерде жумуш издеп жатсаңыз, анда бул сиз үчүн

Мезгил

Бишкек мэриясы бош орундарга ачык конкурс жарыялады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жумуш издегендер төмөнкү вакансияларга документтерин тапшыра алат: 

Мэриянын борбордук аппаратынын адам ресурстары башкармалыгынын бөлүм адиси;

Укук коргоо органдары менен байланышуу жана мэриянын борбордук аппаратында коррупцияга каршы иштөө бөлүмүнүн алдыңкы адиси;

Биринчи Май районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси;

Бишкектин саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси;

Бишкектин Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.

Талапкерлер 18 жаштан жогорку курактагы Кыргызстандын жарандары болушу керек.

Документтер 2-июлдан 15-июлга чейин (18.00гө чейин) төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: Бишкек, Чүй проспектиси, 166 (118-кабинет). Толук маалыматты 61-41-13, 61-08-29 номерлери аркылуу алса болот. Жумуш издегендерге коюлган талаптар менен мэриянын сайтынан тааныша аласыздар. 

Булак:Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *