Мезгил.
Россиянын Екатеринбург шаарында мектептин жогорку классынын окуучуларына бир катар акын-жазуучулардын китептерин сатууга тыюу салынды. “Мыйзам боюнча балдарга ылайык келбейт” делген китептерге 18+ белгиси коюлду.
Маалыматка караганда, “Балдарды өнүгүүсүнө жана ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо тууралуу” мыйзамынын негизинде, балдарга туура келбеген китептерди атайын белги же сөз менен белгилеп коюу керек.
Белгилөөгө орус элинин атактуу акын-жазуучулары Есениндин, Маяковскийдин, Сергай Довлатовдун, Василий Аксеневдин, Иван Буниндин китептери туш келди. Ошондой эле кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун да бир катар чыгармаларына 18+ белгиси коюлду.
Булак: Мезгил Ньюс