Эки бакыр, бир тукур, же АКШнын 2 кыргыз агенти тууралуу

   Мезгил

Орустардын «Русская Весна» сайты (макаланын түп нускасы) Кыргызстан тууралуу кызыктуу материал жарыялады. Анда Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Нурбек Токтакуновдордун АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (БЧБ – ЦРУ) менен болгон байланыштары тууралуу жазылып, фото далилдер менен бирге коштолгон. Мекендин кызыкчылыгын акчага айлантып, БЧБга маалымат жеткирип турган кыргыз агенттери тууралуу жазылган материалдын кыргызча котормосу менен «Кыргызстандагы АКШнын агенттеринин Кой-Таштагы окуяга тийешеси бар…» (https://mezgilnews.kg/kyrgyzstandagy-akshnyn-agentterinin-koj-tashtagy-okuyaga-tijeshesi-bar/) деген котормо-макаладан тааныша аласыздар.

Ал эми эки бакыр, бир тукур, же АКШнын 2 кыргыз агенти дегенибиз, бири – бир кезде премьер-министр болуп турган Сапар Исаков, экинчиси –дарыгерден «психикалык жактан орулуу» деген маалым каты бар жактоочу Нурбек Токтакунов.

 «Оорулуу» агент

Макалада мурдагы премьер-министр тууралуу: «2009-жылы Сапар Исаков Бакиевдин президенттик апаратынын кызматкери болуп туруп орус-кыргыз мамилелери тууралуу маалыматтарды АКШ элчиси Татиана Гфеллерге жеткирип турган. Сапар Исаков берген маалыматтар элчиликтин документтеринде «бекем коргоого алынган булак» катары белгиленген. Жаңы президент аны коррупция иши боюнча камакка алды. Бирок АКШ Сапар Исаковду эсинен чыгарбайт.» – деген маалымат берилген.

 «Психикалык жактан орулуу» жактоочу

Ал эми анын жактоочусу тууралуу: «Морристин (АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери) байланыштарынын арасында жактоочу Нурбек Токтакунов да бар болгон. Токтакуновдун 2015-жылы июнда шаардын борбордук аянтында оппозициялык акциянын өткөрүлгөндүгү боюнча Морриске отчёт берип жаткан учурундагы материал ЖМК аркылуу тараган. Бул чуулгандуу окуяга карата кезегинде кылмыш иши козголбой калган.

Анткени Морристин кол тийбестиги болсо, Токтакунов бул окуя болордон бир ай алдың эле «психикалык ооруум бар» деп догдурлардан маалым кат алып, даярданып койгон эле.» деп жазылган макалада.

Азыр «психикалык оорусу» бар делген Нурбек Токтакуновдун Сапар Исаковду жактап жаткандыгы мыйзамдуу көрүнүшпү?

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *