Эки жылдан соң унааларга болгон төлөмдөрдүн баасы өсөт

Мезгил

Чет өлкөдөн алынып келинген автоунааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн баасынын төмөндөшү жана электромобилдерге нөлдүк баанын киргизилиши убактылуу гана көрүнүш. Бул тууралуу Экономика министрлигинин бажы-тарифтик саясаты бөлүмүнүн эксперти Айдар Самыкбаев билдирди.

Серепчинин айтымында өкмөттүн токтому 2020-жылдын 1-январына чейин гана күчүндө турат. Андан соң Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) келишими боюнча анын катышуучулары сыяктуу бирдиктүү төлөм бааларын жана салыктарды киргизет.

-2020-жылы алынып келинген унааларга болгон төлөмдөрдүн баасы көп эсе өсөт. Кыргызстандыктардын 2 жылы бар. Анткени, азыркы мыйзамдын мөөнөтү аяктаганда ЕАЭБдин келишими толугу менен күчүнө кирет, – деди Самыкбаев.

ЕАЭБде киргизилген баалар боюнча айтсак, мисалы, көлөмү 2 литр болгон 3 жылдык унаанын куб үчүн төлөмү минималдуу 2,5 евро, максималдуу 5,7 евро болот.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *