Экономика министри: Электр жарыгына акыны көтөрүү керек

Мезгил

Кыргызстан электр жарыгына бааны көтөрүүсү керек. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов өкмөттүн  жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында  энергетиктер мүмкүнчүлүгүнүн болушунча иш алып барууда. Көмөк чордондогу басымдан улам жаңы ишканаларды электр түйүнүнө кошуу мүмкүн эмес.

«Электр жарыгына акыны көтөрүү керек», — дейт Олег Панкратов.

Эскерте кетсек, буга чейин быйылкы кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөсүн  ал мурдагы бойдон кала берээрин Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирген болчу.

 Анын айтымында, азыркы тарифке ылайык, электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет. Андан тышкары, ишканалар үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын наркы 2 сом 20 тыйындан каралган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *