Мезгил.
Экономика министринин кеңешчиси Айнура Жакыпова Түштүк Кореяда “КОИКА” уюму уюштурган семинарга катышуу үчүн барып, бирок убактысын көзүнүн кабатында операция жасатуу менен алектенген деген маалымат тараган. Буга аталган министрлик жооп кайтарды.
Экономика министрлиги кеңешчи бир гана күн, ооруп калып семинарга барбаганын билдирүүдө. Ошондой эле, Айнура Жакыпова коомдук кеңешчи экенин, ага мамлекеттик бюджеттен айлык каралбагандыктан, мамлекеттик кызматкер катары талап коюу да болбостугун белгилеген.
Семинарга барып -келүү чыгымын уюштурган тарап өзүнө алган. Кеңешчи ооруп калгандагы бир күндү эсептебегенде толугу менен катышкан.
“КОИКА” уюмунан биздин министрликке эч кандай даттануу келбеди”, – деп билдирет Экономика министрлиги.
Айнура Жакыпованын семинарга катышпай, сулуулугун арттыруу менен алек болгонун ЖК депутаты Аида Касымалиева айтып чыккан.
Булак: Мезгил Ньюс