Мезгил.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду колдогондор митингге чыгышты. Ибраимовдун тууган-урук, жек – жаатынан куралган 80 чакты тарапташтары шаардык соттун имаратынын алдында чогулушту.
Митингчилердин талабы – экс-мэрди абактан чыгаруу жана акыйкат сот процессин камсыз кылуу.
Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев экс-мэрдин баш коргоо чарасына чыгарылган чечимге доо арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Бүгүн, арызды соттук коллегия карайт.
Мурдагы мэр “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда. Учурда УКМКнын абагында.
Булак: Мезгил Ньюс