Мезгил.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгешкен. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселеси парламентте бир жумадан кийин талкууга түшөт.
Исхак Масалиевдин айтымында, Курманкул Зулушев экөө мыйзам долбоорун өткөн жумада толугу менен колдон чыгарышты.
“Эми долбоор өкмөткө жиберилип, ал жактан министрлер кабинети корутунду чыгарат. Андан кийин комитеттерди каралып баштайт” , – деген депутат процессти тездетүүгө аракет жасаарын белгиледи.
Эл өкүлү мыйзам долбоору Атамбаевге багытталгандай кабыл алгандар бар экенин белгилеп:
“Мен жалпы норманы гана жаздым. Ал жерде эч кимдин фамилиясы жок”, – деп, долбоор кайсы бир адамга эмес, жалпы эрежелерге арналганын билдирди.
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов да Конституциялык палатага Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик кол тийбестигинен ажыратуу арызын жолдогон.
Ал эми аталган мыйзам долбоорунда депутаттар эгер экс-президенттин мыйзамга каршы келген аракети билинип калса, бул Башкы прокуратура тарабынан тастыкталса, анын кол тийбестигин алып, жоопкерчиликке тартуу каралган.
Булак: Мезгил Ньюс