Экс-судья Мамытовдун “Аферасындагы” нотариус Кожомкулова Айгүлдүн ролу…

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын колуна алган күндөн тартып, эң биринчи вазийпасы коррупцияга каршы күрөш болоорун айткан. Азыркы кезде бир нече жогорку кызматты аркалаган жетекчилер коррупцияга айыпталып камалып, сурак берип жатышат. Бирок коррупциянын тамырын кыркууга болгон аракет бир кылка эместиги тууралуу дагы сындар арбын. Буга мисал кылчу фактылар жетишээрлик. Биз бир эле жагдайга токтолуп өтсөк жетиштүү болот.

Мына бир канча убактан бери экс-судья Эмил Мамытов менен баласы Эмилбеков Мырзабектин мыйзамсыз иштери туурасында бир катар материалдар жарыяланды. Бирок азырынча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чара көрүлө элек. Албетте, тергөө иштери жүрүп жатканын эске алсак, адилеттүү чечим чыгышы абзел.

Арийне, жакында эле 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн жана мыйзамсыз баюу деген негизде камап, беш жылга эркинен ажыратты.

Эмне үчүн тиешелүү укук коргоо органдары экс-судья Эмил Мамытов, аялы Чолпон Шаршенова баасы миллиондогон доллар турган Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсү 113 менен Никитина 2 дарегиндеги 4 кабаттуу эки офистке,  өзү жаңы Тойота-Лендкрузер 200, аялы Лексус-330, баласы Эмилбеков Мырзабек   Лексус-470 машиналарга кантип ээ болуп калды деген маселеге маани беришпейт? Мындан тышкары Мамытовдун Бишкек шаарында Панфилов 200 А дарегинде элиталык квартирасы болгон. Судья болуп жүргөн учурда кызмат абалынан кыянаттык кылганбы же ишкерлик кылып тапканбы, болбосо кимдир бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз жолдор аркылуу басып алганбы деген шектүү жагдайлар иликтенип юридикалык баасын алууга тийиш эле. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин мынча байлыкты кайдан тапты деген суроого жооп жок. Иштин жылбай, көз жаздымда калып жатышынын бир себеби, экс-судья Мамытовдун укук коргоо тармагындагы калканыч кылган байланыштарынын таасири тийип жатканын баамдоо кыйын эмес.

Демек, ишке тоскоол болгон экс-судьянын укук коргоо органдарындагы шектүү байланыштарына чекит коюлушу кажет. Дегенибиз,  белгилей кетчү жагдай, экс-судья Мамытов Эмилбек ОсОО «Меридиан Логистик» ишканасындагы россиялык жаран Куриленко Виктор Николаевичке тиешелүү 50% үлүшүн өзүнүн аяшы, жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдык тастыктоосунун негизинде тартып алган иш боюнча укуктук баа берилиши абзел. Албетте, бул иш боюнча тиешелүү органдар нотариуска чара көрүү багытында кылмыш иши козголгонун айтышууда. Бирок Кожомкулова Айгүлдүн жолдошу, Чүй областынын райондор аралык сотунун төрагасы Курманов Ашыр Тукешович бул ишке жолтоо кылып, токтотуп коюшу мүмкүн деген кооптону күч. Андыктан бул иш чырлуу жаңжалга себепкер болбош үчүн мыйзам чегинде чара көрүлүшү милдет. Арийне, биздин тиешелүү органдар бир эле Мамытовго эмес, анын нотариусу менен жолдошу судья А.Курмановдун кымбат баалуу машина минип жүрүшкөнүнө өзгөчө көңүл бурушу парз.   

“Кыңыр иш кырк жылда билинет” дейт акылман элибиз. Башкы прокуратура буга  дейре бирөөнүн мүлкүн алдамчылык жол аркылуу менчиктештирип, тартып берүү фактысы менен 30дан ашык нотариуска кылмыш ишин козгоптур. Ушунун өзү эле нотариустарга болгон ишенимге шек туудурат. Бул билингени. Дагы канчалаган нотариус кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, канча адамды сыздатып жатат бир Кудай билет. Ошол себептен мыйзамсыз ишке барган нотариустарга башкаларга сабак болгудай чара көрбөсө, алардын колу менен кимдир бирөөлөрдү сыздатып мүлкүн тартып алган баскынчылык көрүнүштөргө чекит коюу мүмкүн эмес.

Айтмакчы, экс-судья Эмилбек Мамытов менен баласы Эмилбеков Мырзабектин көптөгөн кыңыр иштеринин айрымдары аз да болсо соттук териштирүүгө жетиптир. Тактап айтканда, Башкы прокуратура тарабынан 2018-жылы 30-ноябрында Эмилбеков Мырзабек башкарган ОсОО «Меридиан Логистик Сервис» компаниясы «Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына 6 292 842 сом ири өлчөмдө зыян келтирген иш боюнча козголгон кылмыш иши сотко өттү. Ишти Ленин райондук соту караганы турат. Кандай чечим чыгат азырынча белгисиз. Эгерде мамлекетте чындап мыйзамдуулук өкүм сүрө турган болсо мамлекетке 6 200 842  сом зыян кылган экс-судьянын баласы, өзү, ошондой эле нотариуска эчак мыйзам алкагында чара көрүлмөк. Азыр деле кеч эмес. Биз бул маселеге тыкыр көз салып турмакчыбыз…

PS: Экинчи тарап өз пикирин айтабыз десе, ага дагы орун бергенге даярбыз…

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *