Экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов КСДПга документ тапшырган эмес, бирок акыйкатчы болуудан баш тартпайт

Мезгил. 

Экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов акыйкатчы болуу үчүн документ тапшырган эмес. Ал маалымат каражаттарында жазылып жаткан маалыматтарды калпка чыгарды.

“Мен акыйкатчы болом деп бир да фракцияга документ көтөрүп барбадым. Эгер документ тапшырган болсом, жыйынга чакырышмак да. Анда эмнеге чакырышкан жок? ” – деди Мамытов.

Эске салсак, КСДП фракциясы акыйкатчылыкка талапкер болуу ниети менен Токон Мамытов документтерин алып келгенин жарыялаган.

Экс-вице-премьер-министр документ тапшырганын жокко чыгарганы менен акыйкатчылыкка ишеним көрсөтүшсө баш тартпай турганын да белгиледи.

 Учурда КР акыйкатчысынын орду бош турат. Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев өз каалоосу менен кеткен. Мыйзам боюнча, акыйкатчылыкка парламенттеги фракциялар үчтөн көп эмес талапкер чыгарышат да, жалпы депутаттардын добушу менен жеңүүчү табылат. Азырынча президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова, эксперт Гүлназ Эргешова жана Акыйкатчы институтунун эки кызматкер – Урматбек Аралбаев менен Алберт Колоповдун талапкер болууга умтулганы ачыкталды.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *