Экзема деген эмне?

Мезгил

Экзема — теринин жугушсуз, өнөкөт, аллергиялык сезгенүү оорусу. Э-нын бир нече түрү белгилүү. Кадимки Экземанын пайда болушуна сырткы (химиялык жана физикалык1) жана ички (эндокрин жана нерв системасынын, боор, ичеги – карындын ар түрдүү оорусу) факторлор себеп болот. Себореялык Экзема көбүнчө башка, чачтын түптөрүнө, маңдайга, кулак түпкө, жука чурайга, колтукка, киндиктин тегерегине чыгат. Балдардын Экземага чалдыгышынын себеби диатезге байланыштуу болот. Мындай Экзема баланын башын, жаагын, маңдайын ооруга чалдыктырат.

Жаактын териси кызарып шишийт. Ыйлаакчалар пайда болуп, суу чыга баштайт. Андан соң жарааттын суусу кургап, картка айланат. Кээде Экземанын пайда болушуна организмдин сезгичтигин жогорулатуучу ириңдүү инфекция себеп болот. Оору ириң пайда болуу менен башталып, барган сайын өөрчүп, жарага айланат. Көбүнчө микробдуу Экзема. буттун терисине, манжалардын арасына, дененин жүн баскан жерлерине чыгат. Экземаны дарылоону оорунун түрүнө карата врач жүргүзөт. Экземанын алдын алууда терини сезгентүүчү кээ бир ички жана тышкы факторлорду өз убагында жок кылып туруу өзгөчө мааниге ээ. Оорулуу убагы менен эс алып, уктап, туура тамактануусу керек.

Тамактанууда витаминдүү, жакшы сиңе турган тамак – аштарды кабыл алуу өтө зарыл. Күчтүү, өткүр жана көп туруп калган тамак – аштарды, ичимдиктерди пайдаланууга болбойт. Экземанын кабылдоосун алдын алуу үчүн ооруга түрткү болгон нерв, эндокрин системаларынын, ичеги-карын ооруларын жана инфекция очогун жоюу зарыл. Оорулууга оору күчөгөндө дененин жабыркаган бөлүгүн сууга салууга, самын, кир кетиргич күкүмдөрдү пайдаланууга жарабайт. Жуунганда жамгырдын же кардын суусун жылытып пайдалануу барынан жагымдуу. Крандагы суунун таасирин жеңилдетүү максатында 1 стакан сууга 1 чай кашык соданын Д бөлүгүн кошуп, 18—20°ка чейин жылытып колдонгон жакшы. Экзема менен жабыркаган эмчектеги баланы педиатрдын көрсөтүүсү менен тамактандыруу талапка ылайык. Оорулуу баланы катуу таңып оробой бош кармап, таза абада көбүрөөк сейилдетип, кебезден токулган кийим кийгизүү керек. Ит уйгак, эмен кабыгын кошуп киринткен жакшы.

Денесинде ириңдүү жара пайда болсо тезинен врачка көрсөтүү зарыл. Аллергиясы бар аялдар кош бойлуу кезинде цитрус мөмөлөрүн, шоколад, жумуртка жана башкалар жешке болбойт.

Булак:Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *