Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Мезгил

Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышып, эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын мартында УКМК менен ИИМ биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургунун кармашты. Колго түшкөн жаран 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, Эл аралык террористтик уюмдун эмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга» катышуу максатында Түркияга жана андан нары Сирияга кеткен.

Анын согушка активдүү катышканы айтылууда. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *