“Эл” деген сөздү туура жаза албаган Суракматов кыргыз тили сынагынан ийгиликтүү өттү

Мезгил

Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилинен сынак тапшырды.  Ал коюлган 2 шарт боюнча өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуду. Мындан башка көркөм чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берди.

Ал эми тил сынагын алган комиссия мүчөлөрү Суракматовго “мамлекеттик тилди билет” деп баа беришти. Анткен менен Суракматов жазууда бир катар орчундуу каталарга жол берген.

Мисалы  “шаар” дегенде “шар” ошондой эле “Бишкек шаарынын эски таштанды полигонун жаап, жаңы эл аралык жакшы, жаңы таштанды полигонун ачуу” дегенди “Бишкек шаардын эскиз таштан полигонду жаап, жаңы эль аралы жакшы жаңы таштан полигон ачуу” деп жазган.

Суракматов жогорудагы каталардан башка дагы бир топ мүчүлүштүктөргө жол берген. Бирок, тилекке каршы тил комиссия мүчөлөрү талапкердин айрым каталарын белгилешсе, айрымдарын коз жаздымда калтырууга үлгүрүшкөн. Айтор “кыргыз тилин билет экен” деп бармак басты көз кысты кылып өткөрүп коюшкан. Дегиле мындай тилге чыккынчылык менен кайдыгер мамиле кылган тил комиссиясынын кереги барбы деген суроо жаралат.

Эске салсак, Бишкек мэрлигине талапкер катары шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Азиз Суракматов гана арызын тапшырган. Бишкек мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *