Эл өкүлдөрү муздак суунун тарифин арзан деп табышты. Мэр кымбаттатууга убадасын берди

Мезгил. 

Айрым депутаттар Жалал-Абадда ичүүчү суунун тарифи абдан эле арзан экенин белгилешти.

Бүгүн, 17-сентябрда, парламенттин  Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан  менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Гранттык жана Кредиттик макулдашуулардын долбоорлорун жактырды.

Аталган долбоор 2011-жылдан тарта иштей баштаган. Учурда толугу менен бүткөрүлдү. Эми азыр анын экинчи фазасын баштоо зарыл. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бул багытта 8 млн евро өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр.  Анын   4 миллион  евросу  гранттык каражат. Насыя каражатты Жалал-Абад шаарынын мэриясы кардарлардан чогулган акчанын эсебинен төлөөгө тийиш.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин айтымында,  насыя каражаттан толук кутулууга мүмкүнчүлүк бар.

“Негизинен насыяны ичүүчү сууну пайдаланган кардарлардын төлөмдөрүнүн эсебинен төгүү пландалган”, – деди мэр.

Анын айтканына айрым депутаттар макул болушканы менен таза суунун тарифи өтө арзан экенине токтолушту. Насыяны төгүү үчүн азыркы тариф жарабай турганын белгилешкен депутаттар акырындык менен тарифти 100 пайызга кымбаттатуу зарылдыгын белгилешти. Ал эми мэр эл өкүлдөрүнүн айтканын ишке ашырууга убада берди.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *