Элчи Кылычбек Султан президенке кайрылды: Кырдаалды адилеттүү иликтөө үчүн Абдылдаевди, Досалиевди жана мени кызматтан убактылуу четтете туруңуз

Мезгил. 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековго соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.

Элчи буга дейре КР ТИМиндеги, айрыкча Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигиндеги коррупциялык иштерди коомчулукка жарыя кылган. Ал Малайзияда коррупцияга аралашкан дипломаттар учурда министрликте белдүү кызмат орундарын ээлеп отурушканын белгилеген.

Мамлекет башчысына кайрылуусунда элчи президенттин кабыл алуусунда болууга аракеттенгени менен президенттик аппараттын тоскоолдугунан улам ниетине жетпей калганын билдирген.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Менин 24.09.2018-жылдагы кайрылуумда тиешелүү маалыматтарды сизге жеткирүү үчүн Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге бир нече айдан бери кайрылып келгендигимди айткан элем.

Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Коопсуздук Кеңеши Президенттик Аппараттын алдындагы өз алдынча түзүм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынан сырткары Президенттик Аппараттын жетекчисинин да тапшырмаларын аткарат.

Ушул жагдайларды эске алуу менен Сиз тапшырган иликтөөлөр аяктаганга чейин Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султанды убактылуу кызматтан четтетүүңүздү суранам. Анткени түзүлгөн кырдаалды адилеттүү иликтөөгө кызматтык кызыкчылыктардын кагылышы тоскоол болот деп эсептейм.

Эгерде жогорудагы жетекчилерди убактылуу кызматтан четтетүү мүмкүн эмес деп тапсаңыз, анда мени өз каалоом менен кызматтан бошотууңузду суранам. Анткени, түзүлгөн кырдаалда кызматтык кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу адилеттүү иликтөө жүрүшү мүмкүн эмес деп эсептейм», -деп жазды элчи.

КР ТИМ өз кезегинде элчи Султанга жооп кайтарып, ал өзүнүн былык иштерин жашыруу максатында ушундай билдирүү таратып жатканын жарыялады. Ошондой эле айрым маалымат каражаттары Түштүк Кореядагы кыргыз элчиси жарандарды ал жакка жумушка орноштуруу боюнча агенттик ачып алып, бул жаатта бизнесин гүлдөтүп жатканын жазышууда. Бирок, Кылычбек Султан мындай маалыматтарды четке кагып, эч кандай бизнеси жоктугун билдирүүдө.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *