ИИМ калп айтабы же Аида Салянова?

Мезгил

 Аида Салянова «тергөө менен кызматташууга барам» деген шылтоо менен үй камагына чыкты. Бирок элдин башын айлантып көнүп калган мурдагы Баш прокурор өзүн периште сымал сезип, «Фейсбук” баракчасына мындайча маалымат калтырды:

«Урматтуу мекендештер, туугандар! 

Сиздердин ак батаңыздар менен бүгүн кызымды кучактап отурам! Колдоо көрсөткөндөрүңүздөр үчүн башымды ийип, таазим кылам. Ар бириңиздерге жолугуп ыраазычылыгымды жеке билдиргенге Кудайымдан насип кылуусун тилейм. 

Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар – мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөго дагы тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды. 

Операцияга даярдануудан улам Сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм. Дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем. Аман болунуздар!»

Маалыматта эмне деген маани жатат:

1) «Сиздердин ак батаңыздар менен бүгүн кызымды кучактап отурам!» Эмне катардагы айыпталуучулар камактан соттун чечими менен, же тергөөчүнүн «ырайымы» менен  чыгып, прокурорлор колдоочулардын «батасы» менен чыгып калганбы? Аида Салянованын 6 колдоочусу болушу мүмкүн, бирок, 6 миллион эл аны колдобойт. Деги эле Аида Салянова али актала элек да. Тергөө менен кызматташам, б.а. кимдир бирөөгө каршы көрсөтмө берүү үчүн даярмын дегени үчүн убактылуу үй камагына эле чыгарылды. Анын ак же көк экендигине сот гана чекит коё алат. Балким күнөөсү бар экендиги далиденсе, атайын прокурор Майрамбек Акматалиев сыяктуу Батукаевдин ишине айыпталган фигурантардын дагы бири Саляновага каршы көрсөтмө бере турган болсо, иши оңунан чыкпай калышы мүмкүн. Сот болмоюнча алдын ала сүйүнгөн туура эмес. Же Аида айымдын ишенген тоосу бийик, бир билгени барбы? Ага сен Батукаевдин иши боюнча акталып чыктың деп ким кепилдик берип олтурат?

2) «Мен 73 күн камакта Атамбаевди коргогонумдан, ага жан тартканымдан отурган жокмун.» Элдин башын айлантпаңыз Аида Жеңишбековна, Атамбаевди коргой тургандай сиз анын жактоочусу да, айыптай турган Баш прокурор да эмессиз. Сиз кезинде Атамбаевдин иштерин тымызын аткарган Баш прокурор болуп, Батукаевдин ишине тиешеси болгон деген айып менен абакта олтургансыз. Айыпталуучусуз. Адвокат эмессиз. Маалыматты түз берип, чатыштырбаңыз!

3) «Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар – мен эч качан коррупцияга катышкан эмесмин.» Муну кантип түшүнсө болот? Коррупцияга катышпасаңыз анда эмнеге камакта болдуңуз? Кызыктай сөз тура. Башты тегереткен риторика экен. Коррупция беренеси боюнча сизге азырынча айып тагыла элек болсо керек эле?

4) «Операцияга даярдануудан улам Сиздер менен бир нече убакыт байланышта боло албайм.» Биринчиден, ден соолукта болуңуз! Экинчиден, тергөө иштери бүтпөй жатып, сот бүтпөй жатып чет жакка чыгып дарыланууга ким уруксат берди? Камиля Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектелген агаңыз Калыбек Элтуйбасовго окшоп АКШдан баш баанек сурап, тергөөдөн качып кетпейсизби? Ал эми Елисеев деген жөөттүн жактоочулук лицезиясын узартып бергендигиңизге байланыштуу иште сотко ким катышат, ордуңузга ким жооп берет? Же сиз үчүн мамлекеттин сот системасы оюнчукпу?

ИИМ: АИДА САЛЯНОВА ТЕРГӨӨ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ КААЛООСУН БИЛДИРДИ

Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата бөгөт чарасы өзгөрүлдү. Азиз Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими менен А. Саляновага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

15-август күнү Аида Салянова Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн алынып келинген.

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жактоочусунун катышуусунда А. Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирди. Ушуга байланыштуу, жаңы мыйзамга ылайык башында тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөрүлдү.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан болчу.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө жылдырылды. Ошол эл күнү 26-августту күтпөстөн, түн кирип баратканда Аида Салянова үй камагына чыгарылып олтурат. Үйүнө барар замат «Фейсбук» аркылуу элдин башын айланткан калп билдирүү таратып жатпайбы? Биз Аида Салянованын жазганын жана ИИМдин маалыматын кошо бердик. Өзүңүз да бир жолу салыштырып көрүңүз! Аида Салянова акталган жок!

 

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *