Элдин – «эркеси», бизнестин – «серкеси» Олег Панкратовбу?

Мезгил

Бирөө ичээрге суу таппай жүрсө, бирөө кечээрге суу таппай жүрөт деген кыргыз макалы бар. Кыргыз бийлигине аралашкан айрым чиновниктердин ташы бир учурда дайым эле жогору кулап туруп алмай жайы бар. Маселен, Толкунбек Абдыгулов деген Улуттук банктын төрагасынын бир креслодон экинчисине секире бермей адатын билебиз. УБга кайра кайтып келерде ЖК депутаттарынан бата алып жатып кызматтан-кызматка коно берген «эрке бала» атыккан.

Элдин дагы бир «эркеси»

 Толкунбекке окшогондордун бири Олег Панкратов деп айтсак болот. Жакында ал президент Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп дайындалды. Панкратов 24-майда Экономика министрлигинин жылуу креслосунан баш тарткандыгынан азганакай эле убакыт өткөн эле. Анын себебин «Менин дарегиме көптөгөн сындар айтылды. Жооп берүү керек» деп түшүндүргөн. Ушинтип Олег братыбыз былыгы быпырап чубала баштаганда акмын же көкмүн деп актанып олтурбай жылуу ордун боштуп берип, жылжып жыла берген. Бизде адатта жогорку кызматта иштегендер ал жерге барганда бапырап-тапырап, чала-була жоромолдой койгон пландарын айтып, тигинтем-минтем деп чыгышат. Ал эми кызматтан кеткен учурда ың-жыңсыз горизонттон жоголушат. Андан иштеп турган учуруңда «эмне жасадың?», «кандай иштерди аткардың?» деп сураган жан жок. Кетеринде отчёт сураган бийлик органынын өзү жок. Эл болсо мурдагыдай эле ой-жүгүртүүнүн инерциясы менен «жаңы киши келди эми оңолобуз» десе, кай бири «мунусу эми эмнени кыйратат экен?» деген ой менен кала берет. Натыйжада кызматка шаң менен же чыр менен келген кызматкер кетер учуру келгенде ууру мышыкча шырп алдырбай, изин жашырып кете берет. Бизде ушундай.

Французча ажырашуу

Олег Панкратов Экономика министрлигинен кетип жатып ушинтип «развод по-французски» (французча ажырашуу) жасады. Францияда деле Кыргызстандагыдай үй-бүлөлүк ажырашуулар көп болуп турат. Куттуу үйүн, жылуу төшөгүн, анан аюудай болгон күйөөсүн чануу демилгеси негизинен аялдар тараптан чыгат экен. Ушундан улам болсо керек, французча ажырашуу деген кытмыр сөз айтылып калган.

Буга чейин Кыргызстанда бир топ эле чиновниктер кызмат орду менен французча ажырашуу жасашкан. Айтып олтурсаң санына кол жетпейт. Бирок, аз убакыт өтпөй эле кайрадан башка кызмат менен «баш кошуп алышканын» көрүп жүрөбүз. Алардын бири учурда ЖЭБ иши боюнча айыпталып, УКМКнын убактылуу камоочу жайында «эс алып жаткан» экс-мэр Кубанычбек Кулматов. Ал киши Бишкек мэрлигинен кетип жатып «жумуштан кетүүмдүн себеби үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу» деп, балким чет өлкөгө кетишим мүмкүн деп кеп учугун кыйыткан. Кийин Кулматов кетпей эле «Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна» конуп, Нурсулу Ахметованын ордун ээлеген. Анан бажыга бажырайып барып калды. Кийинкисин билебиз да…

Бул французча ажыраш жасагандар алдынала арыктарын казып коюп, барчу жерин даярдап коюп анан ажырашууга барышабы, айтоор башыбыз маң. Дегеним Кулматов кеттим деген менен кайра эле майлуу-сүтүү жерден орун алып келди го. Панкратовдуку да ошол сыяктуу болуп турат. Кеттим деген менен президентке акыл кошчу болуп кайра келди. Же французча ажырашкандар ашкере популярдуу, өтүмдүү болушабы бул жалган жашоодо?…

Деги Панкратов деген ким өзү?

1969-жыл 1-январда жарык дүйнөгө келиптир. Педагогика институтунан билим алып, «физика, информатика жана эсептөө техникасы» боюнча адистик алып чыгат. Андан соң КУУдан «юриспруденция» боюнча кошумча билим алат. 1999-2006-жылдары «Ишкерлер союзун» жетектеп, 2010-жылы КР Конституциялык кеңешине мүчө болуп чыга келет. 2010-жылдан тартып мамлекеттин күрөө тамыры болгон экономика тармагында жогорку кызматтарды, анын ичинен 2 жолу Экономика министри, Экономикалык жөнгө салуу министринин орун-басары (2010-2013), Вице-премьер министр, вице-премьер министрдин кеңешчиси, БС жана ЕАЭБ боюнча эксперт болгон. Кызмат тепкичи кыскача ушундай.

Бизнестин «серкеси»

Серке деген казактарда жана айрым кыргыз говорлорунда айтылган сөз, эчкинин бычылган «эркеги», эркеч деген маанини берет. Бычмал эркеч – адамдар тарабынан жандык катары укугу бузулуп, күч менен тукум уулоо кереметинен ажыратылганы менен, эркетик вазийпасы адат боюнча кала берген жаныбар. Эски инстиктин унутпаганынан улам серке деген идиома жаралса керек.

Панкратов боюнча 1-шек саноо

Олег Панкратов ЖМКга өз атыма катталган дурустаган бизнесим деле жок деп айтып келет. Деген менен ал 1999-2006-жылдары «Ишкерлер союзун» жетектеген. Бул союзду түрк бийлигине каршы төңкөрүш уюштурган, АКШ БЧБсынын агенти делинип жүргөн Гүлендин байланышы бар деп айыптап келишет. Ошондой эле «Ишкерлер союзун» Оштогу бөлүмүн бир убакта жетектеген депутат Абдывахап Нурбаев жана Эльвира Сурабалдиеванын даректерине да Гүлендин финансылык тобу менен байланышы бар деген шек саноолор Кыргызстандагы бир кичинекей топ тарабынан байма-бай айтылып келет. Андыктан «Ишкерлер союзун» жетектеген «Олег Панкратовду гүленчилер деп аталган топ менен көмүскө байланашы жокпу?» деген суроо өзүнөн-өзү жаралат. Гүлендин жолун жолдогон Кыргызстандагы бизнес өкүлдөр бийликтин бутактарында, оппозицияда да, позицияда да жүрө бере турган жансыздар. Алар билим берүү, дин, бизнес чөйрөлөрүндө, медиа айдыңында да активдүү деп сыпатташат алардын сары изине чөп салгандар. Панкратовдун булар менен канчалык деңгээлде байланышы бардыгы азырынча табышмак.

Панкратов боюнча 2-шек саноо

Биздин өлкөгө жол көрсөтүп келе жаткан өлкө «старшый браттын» Кыргызстанда соода-экономикалык жактан кызыкчылыктары бар. Маселен, «Коопсуз шаар» долбоорунда, оор жана жеңил өнөр жайында, энергетика тармагында ж.б. «Газпром» сыяктуу орус ишканаларынын күжүрмөн иштеп жаткандыгы белгилүү. Кандайдыр бир деңгээлде алардын кызыкчылыгын жогору жактан колдоп туруу зарылдыгы бар. Мына ушундан улам ««Бизнесим жок» деп, бирок бизнес чөйрөсү менен иш алып барган Панкратов Россиянын кызыкчылыгын коргойбу?» деген экинчи суроо да өзүнөн-өзү жаралат.

Деги президентке акыл кошчу болгон Олег Панкратов “эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей” болбой мамлекет үчүн чын жүрөктөн кызмат кылып берер бекен.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *