Мезгил
Нью-Йоркту чыныгы мода борборуна айлантуугачоӊ салым кошкон, Жаклин Кеннеди-Онассис, Пенелопа Круc, Рене Зеллвегер, Риз Уизерспун өӊдүү белгилүүлөр анын коллекциясын күтүп кийиген дагы Каролина Эррерадан беш кеңеш:
сыйга кийчү кийим катары жынсы отуз жашка чейинки кыз-келиндерге гана жарашат. Ар нерсенин өз убагында болгону туура.
гардеробдо сөзсүз карандаш-юбка, ак көйнөк, ыңгайлуу такадагы жакшы туфли, кечки же коктейль көйнөгү жана сүйүктүү парфюм болуусу зарыл.
моданын диктатка укугу жок. Түстүү журналдар эмне жазбасын, жайкысын жылаңайлак, кышкысын калыңыраак колготки менен жүргүлө!
сексуалдуу кийинүүгө болгон көп аракет жагымдуулуктан, сексуалдуулуктан да ажыратышы мүмкүн.
Басканды, турганды, сүйлөгөндү, унчукпай турганды үйрөнгүлө. Өзүңөр деле байкаган чыгарсыңар, кеп кийимде же анын наркында эмес.