Мезгил
Бишкекте 8 миң керектөөчү карыздары үчүн жарыксыз калышы мүмкүн. бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, электр энергиясы үчүн өз маалында төлөм жүргүзбөгөн 8 миң абонентти аралыктан өчүрүү 29-мартта жүргүзүлөт.
Алардын жалпы бересеси 12,5 миллион сомду түзөт. Эс алуу күндөрүндө жарыксыз калбаш үчүн бөлүштүрүүчү компания бүгүн жана эртең квитанциялардагы сумманы төлөөгө чакырат.