Мезгил
“Электр станциялары” ишканасынын директору Аскар Эшимбеков бүгүн, 20-мартта 57 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди. Алдын ала белгилүү болгондой, буга анын сокур ичегисинин жарылып кетүүсү себеп болгон.
Эске салсак, Аскар Эшимбеков былтыр май айында аталган ишканага башкы директор болуп дайындалган. Ал Бишкек ЖЭБи боюнча жемкорлукка айыпталып жаткан Узак Кадырбаевдин ордуна келген болчу.