Мезгил
“Электр станциялары” компаниясынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев ишкананын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Таалайбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.
Жолдошбек Ачикеев буга чейин Улуттук электр станциялары ишканасында жетекчилик кызматтарда иштеп келген.