“Elite House”курулуш компаниясы ички иштер министрлигине унаа белек кылды

   Мезгил

“Elite House”курулуш компаниясы 1-ноябрь милиция күнүнө карата ички иштер министрлигине аталган курулуш компаниянын логотиби түшүрүлгөн жаңы “Lada Granta” үлгүсүндөгү унаа белек кылды.

Белекти “Elite House” курулуш компаниясынын башкы директору  Тимур Файзиев тапшырды. Быйыл кыргыз милициясы өзүнүн 95 жылдыгын белгилөөдө.

Белгилей кетсек, буга чейин “Elite House” курулуш компаниясы Бишкектеги спорт ордосун ондоп-түзөө иштерине демөөрчүлүк кылып, андагы отургучтарга  компаниянын логотиби түшүрүлгөн. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, бир катар сындар айтылган.

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *