Элмурза Сатыбалдиев: Чындык улуу… Элди алдап болбойт!

Мезгил

 – Элмурза Ракыевич, 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу өзүңүздү күнөөлүмүн деп айтып келесиз. Муну канчалык деңгээлде деп түшүнсөк болот?

– 2010-жылы 7-апрелден кийинки журналисттерге берген маегимден тартып бүгүнкү күнгө чейин бир сөздү айтып келем, мен өзүмдү күнөөсүз деп айта албаймын. Моралдык жактан күнөөлүмүн деп санаймын. Себеби мен ал бийлик менен иштешкенмин. Окуя болгон учурда 7-кабатта отурганмын. Иш бөлмөм ошол жерде болчу. Ал эми укуктук жактан, юридикалык жактан канчалык деңгээлде күнөөлүү экендигиң бул башка иш. Ошентип мен өзүмдү-өзүм күнөөлүү деп табып, соттоттум, өзүмдү-өзүм жазаладым.

– Мунун башка жолу бар беле?

– Бар, маселен качып кетсем болмок. Сыртта туруп алып актансам болмок.

Мен юрист болгондугуман кылмыш саясаты боюнча өзүмө-өзүм юридикалык баа берип, ак экенимди Кыргызстанымда жүрүп далилдеймин дедим. Бирок, мунун аягы тескери болуп кетти.

Биз ошол эле Суталинов, Жороевдер менен өзүбүбүздү мекенчил деп санайбыз. Соттун жаман жактарына туруштук бердик. Эгерде Элмурзаны, Каныбекти же Муратты камаса Кыргызстанда стабилдүүлүк болот десе “Мейли камалалы” дегенбиз, жазабызды өтөп келдик.

– Элмурза Ракыевич, мамлекеттеги жүргүзүлүп жаткан соттук реформа тууралуу пикириңиз түзбү?

– Соттук реформа 1995-жылдан бери жүргүзүп келет. Эң чоң соттук реформаны жасайбыз деп 2010-жылдан кийин келген бийлик жарыялаган, аябай чоң суммадагы грант келген. Соттук реформаны теоретик адамдарга жүктөп коюп, бийлик тарап кадрдык реформага өтүштү. Коомчулук караса соттор жаңылангандай сезилет. Бирок, алардын жашын, тажрыйбасын караган эч ким жок. Соттор кесиби боюнча, жаш жагынан да тажрыйбалуу болушу керек.

– Коюлган айыпты юридикалык тил менен айтсаңыз.

– Мен тууралуу соттун мыйзамсыз, сабатсыз, былжыраган чечими бар. Анын чечимин окугандын кереги жок. Келечек муунга соттук башаламандык ушундай болгон деген мааниде көрсөтүш үчүн музейге сактап койсо гана болот. Курманбек Салиевичтин жанында жүргөн, убагында отставкага бербеген деген айып менен эле соттоп, чечим чыгарып коюшту.

– Моралдык жактан күнөөмдү сезем, мыйзамдык жактан соттун чечимине каршымын дейсиз. Кайсылдыр бир убакта муну мыйзамдык жактан оңдоогө туура келер. Жогорку инстанцияга кайрылуу мөөнөтү өтүп кетсе керек.

– Мөөнөтү өтпөйт. Апрель окуясына туура баа берилмейин биздин мамлекет өнүкпөйт. Муну мен 9 жыл мурда айтканмын.

– Сиздин көз карашыңызда апрель окуясына ким күнөөлүү?

– Эгемендигибизди туура эмес пайдалануудан келип чыккан, 1991-жылдан берки топтолгон иштер ушуга алпарды. Эгемендүүлүктүн маанисин билбей эле туруп эгемен болгонбуз. Мен буга чейин шайлоо жолу менен бир да кызматка келген эмесмин. Эгерде мен туура эмес иш кылдымбы, анда дайындаган адам жазалаш керек. Эгер жазалай албаса сотко кайрылуусу керек.

Кээде мамлекеттик кызыкчылык менен элдин кызыкчылыгы кээ кезде төп келбей калышы мүмкүн. Мамлеккеттин коопсуздугу мыйзам бузууга да бардырат. Мени 7 жашымдан бери интернатта бапестеп баккан мамлекетиме эч качан чыккынчылык кыла албаймын.

– Апрель окуясында куралды элге ким берген?

– Элге куралды эч ким берген эмес. Балким оппозиция тарапта курал болсо керек деген шектенүүлөр бар. Куралды эл Форумдун алдына барган атайын кызматтардан тартып алган.

– Арадан 9 жыл өтүптүр. Өткөн бийлик тууралуу бүгүнкү көз карашыңыз кандай?

– Апрель окуясына чейин, андан соң да Бакиевдердин элге ок чыгарам деген ою болгон эмес. Муну мен так айта алам. Башаламандыкка кызыкдар сырткы күчтөр да болгон. Балким үчүнчү күчтөр да болгондур, кызматта иштеген адам катары муну ачык айта албаймын. Үчүнчү күчтөр дегендин ичинде өз алдынча ой толгоп көрсөңөр, балким бир чоң мамлекет бардыр. Туура биз эгеменбиз. Бирок, эл аралык деңгээлде бизди карап, багыт берип турган мамлекеттер да жок эмес.

Биринчи атышуулар саат 2де башталганда УККнын имаратына барганмын. Мага эч ким буйрук берген эмес ал кезде. Ал жерден Абдыганы Эркебаев, Иса Өмүркулов, Темир Сариевдер менен жолугушканмын. Элди атып жатат бир чара көрөлү дегенмин. Алар айтышты “Элмурза сенин колуңдан келбейт. Биз тигилер менен сүйлөштүк” дешти. Мен президентти алып келе албаймын, өкмөт менен сүйлөшөлү дегенмин. 7-апрель боюнча айрым иштерди мен жакшы билем, себеби баштан аяк аралашып жүрдүм. 7-апрель күнү Ак үйдөн эң акыркы болуп мен чыкканмын, жаңы бийликтин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өткөрүп бергенмин.

Өлгөн адамдар күнөөлүү эмес. Бизде өлүк улук деген сөз бар. Бирок, 90 адам аянтта өлдүбү же жокпу, аны тергөө да билген жок.

– Апрель окуясы тууралуу фото фактылар бар го?

– Мен 90 киши жөнүндө, санын айтып жатам. 7-апрель күнү эрте менен күч органдарынын өкүлдөрү президентке кирип 6-апрелдеги Таластагы окуя боюнча талкууладык. Анан Данияр Үсөнов, Баш прокурор болуп ЖКга бардык. Ал жерде отурумда маалымат бердик. Кайра келип президентке киргенде өзгөчө абалга буйрук чыгаруу боюнча айтылды. Мен буга каршы чыктым. Ошол жерде туруп Баикевдин элге ок аткыла дегенин көргөнүм да, сезгеним да жок. Форумга атайын кызматтын барганын билбеймин.

– Бакиевге каршы чыккандар 2005-жылы аны бийликке алып келгендер эле. Анан кантип ал аз убакта жек көрүндү президентке айланып чыга келди?

–  Муну мен азыр Атамбаев бийликтен кеткенден кийин түшүнүп олтурам. Бакиев революциячыл дух менен келди. Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрөм деди, колунан келгенин жасады. 2009-жылдарда экономикалык жактан жетишкендиктер болгону баарыбызга белгилүү. Айланасындагы робингуддардан арылгандан кийин анын жанына шылуундар топтоло баштаган. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш эле.

– Курманбек Бакиевди күнөөлүү деп санайсызбы?

– Аны күнөөсүз деп айта албаймын.

– Бактыгүл Жээнбаева Бакиевдер 250-300 миллион чыгарып кетти деп айткан.

– 250-300 миллион Кыргызстандан чыгып кетти деген факт жок. Калп. Бул элди жөн эле алдамай. Бул боюнча ошол кезде каржы маселелери боюнча иштеген жооптуу кишилерден, минстрлерден сурап көргүлө. 

2010-жылы “оппозиционерлер” бийликке келгенде кыйкырышкан “Россиянын кредитинен 300 миң, грантынан 150 миң доллар Кыргызстанда жок экен. Бакиевдер чыгарып кетишиптир” деп. Жыйынтыгында 10 күндөн кийин унучукпай калышты. Анткени ал акча банкта жаткан эле.

Ал эми АКШ кайтарып берип жаткан 4,5 миллион доллар Гурьевич деген аферисттин колу менен чыгарылып кеткен. Ал жерде Бакиевдердин аты жок. 4,5 миллион боюнча АКШ соту Максим Бакиевди актап, Гурьевичти күнөөлүү деп тапкан.

– Бакиевдер кайтып келүү ниеттерин кыйытып жүрүшөт. Баш прокуратура эгер келе турган болсо жоопко тартабыз деди. Алар эмнени көздөшүүдө?

– Балким мыйзамдуулукка ишенип жатышса керек. Эгер мыйзам жол берсе келе беришсин. Маселен, менин досум Марат Салиевичтин кандай күнөөсү бар? Эгер башка Бакиевдер келгиси келсе сот аркылуу актанып алып келе беришсин. Муну жаңы бийлик келди, Жээнбеков Бакиевдерге лоялдуу экен деген менен байланыштырып, жаңы бийликке көлөкө түшүрбөө керек. Баары мыйзамдын чегинде жасалса туура болот.

– Учурдагы президент Жээнбеков эмнеден сактанышы керек?

– Жанындагылардан, таасир эткендерден. 2010-жылдан бери коомдо интрига көбөйдү, ушундан алыс болуусу керек.

– Бүгүнкү күндөгү саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

– Баа бериш кыйын. 2010дон кийин сабатсыздардын заманы келди. Робен Гуттай болуп иш алпарып, туугандарын, жакындарын бийликке алып келип алып элитаны талкалап бүттү. Акыркы кездеги саясий кырдаал логикага сыя бербейт.

– Малекеттик ишмермин деп жатасыз, өзүңүздү саясатчы катары санайсызбы?

– Мени айла жок саясатчы кылып коюшту. 2020-жылы депутат болуп келип, аз да болсо мамлекетиме пайда келтирсем деймин. Эгерде менин гана саясатка аралашканымдан зыян көп болсо, анда аралашпай коюуга да кудурет жетет. Партия түптөгөнүм туура. Ал партия менен шайлоого барууга каражатым жок. Өлкө үчүн кызмат кыламын деген идеясы бийик пикирлештер болсо, же чогуу иштөөгө чакырышса кошулушум мүмкүн. Биздин коом алдамчылыкка көнүп алды. Элди алдап болбойт. Чындык улуу. Дайыма чындыкты айтып жүрүү керек.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *