Эмгек өргүүсүнө чыккан президенттер эс алуусун кайдан өткөрүштү? (видео)

 Мезгил

Бүгүн,  президент Сооронбай  Жээнбеков  бир жумалык эмгек өргүүсүнө чыкты. Өлкө башчы эс алуусун Ысык-Көлдө өткөрөөрү айтылды. Бул президент Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайлангандан берки экинчи жолку эмгек өргүүсү. Ал  алгачкы эс алуусун былтыркы жылы 30-июлда бир жумага Ысык-Көлдө эс алуу үчүн алган. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда жалпысынан 15 жолу эмгек өргүүсүнө чыккан.  

 Коңшу өлкө Казакстан мамлекетинин президенти Касым-Жоомарт Токаев буга чейин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алган. Ал расмий түрдө Казакстандын президенти болуп ишке киришкенден кийин 1,5 айдан кийин   алгачкы 22-июлдан тарта 4 күнгө эмгек эргүүгө  чыкты.  Токаев эс алуу күндөрүн Казакстандын аймагында Актаудан 210 киломтер алыс жайгашкан  «Кендирли» архитектуралык комплексте өткөргөн. 

 Ошондой эле  Түркменстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов  5-июлдан тартып 15-июлга чейин  эмгек өргүүсүн кантип өткөргөнү боюнча видео жарыяланды.

Видеодо көрүнүп тургандай,  Бердымухамедов  таң эрте  велосипед тээп эс алуу жайларын кыдырып, ат минип, музыка угуп,  китеп окуу менен өкөргөн.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *