Мезгил
Москванын Домодедово аэропортунда жүктөрдү эми роботтор тейлейт. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, учурда жүктөр сакталчу роботтошкон кампа тестирлөөдөн өтүп жатат. Ал жерде алты робот иштеп, электрондук чиптери бар такталардын үстүндө турган жүктөрдү ташыйт.
Алар буйрук берилгенден кийин эки мүнөттүн ичинде жүк кайсы каттамга тиешелүү болсо, ошол багытка чемоданды жеткирип коет.
Булак: Мезгил Ньюс