Эми, Россияга кеткен дайынсыз жарандарды табуу оңой

Мезгил

Кыргыз жарандарынын көпчүлүгү жумушсуздуктун айынын Россияга кетип жаткандардын саны күн сайын көбөйүүдө. Андыктан Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандардын убактысы, каражаты, ден-соолугу текке кетпеши үчүн алдына ала бир катар даректерден маалымат алууну сунушташат.

Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кайрылуу таратты.

– Россияга кирериңиз менен артка депортацияланып, убактыңызды жана акчаңызды текке кетирбеш үчүн билет алардан мурда Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайтындагы “Миграционная амнистия 2019” деген бөлүмүндө жок экениңизди текшерип алыңыз.

Эгерде “кара тизмеде” бар болсоңуз, Кыргызстандын Россиядагы элчисинин расмий блогуна www.elchi.ru сайтына кирип, онлайн түрүндө маалымат калтырыңыз. Сиздин статусуңузду тактоо жана “кара тизмеден” чыгаруу иштери үчүн паспортуңуздун электрондук көчүрмөсүн кошо салыңыз – деп жазылган кайрылууда.

Ошондой эле Орусияда иштеп жүргөн туугандар, достор жана жакындар байланышка чыкпай дайынсыз болуп жатса, www.elchi.ru расмий сайты аркылуу КРдин РФтеги элчисине жоголгон жаранды табууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен жеке кайрылсаңыз болот. Андыктан жарандын толук аты-жөнү, сүрөтү, паспортунун көчүрмөсү, Россияга кирген мезгили, акыркы турган же иштеген орду тууралуу маалыматтарды жазуу керек.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *