Эмил Шукуров жана Кадыр Маликов өлкө башчысы менен жекече жолугушат

Мезгил

Көп убакыттан бери биринчи жолу президент өзү башында турган өлкө жетекчилиги жарандык коомдук өкүлдөрү менен ачык сүйлөшүүгө чыкты. Бүгүн, биз ЖМК өкүлдөрүсүз бардык иштер боюнча ачык сүйлөшүп, ар кандай багыт боюнча өлкөдөгү абалды талкууладык Мындай пикирин Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов билдирди.

-Сот системасын реформалоо, коррупцияга каршы күрөш, экономика, экология көйгөйү жана диний маселелер боюнча жакшы ойлор ортого салынды. Үстүдө аталган багыттар боюнча жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан реалдуу сунуштар айтылды. Сооронбай Жээнбеков бизди өнөктөш катары кабыл алгандыгы жана бардык сунуштарды эске алгандыгы кубандырат, -деди К.Маликов.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү «Алейне» экологиялык кыймылынын жетекчиси Эмил Шукуров жана теолог Кадыр Маликов жолугушууда өздөрү көтөргөн экологияны сактоо жана өлкөдөгү диний кырдаал боюнча маселелерди кеңири талкуулоо үчүн Мамлекет башчысы менен жекече жолугушууга чакырылгандыгын билдирет.

Жээнбеков 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Президент сот жана укук коргоо органдарын реформалоо, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, ишкерлердин укуктарын коргоо, экология проблемалары сыяктуу суроолорго жооп берди.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *