Эмилбек Каптагаев Бишкек шаарын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

Мезгил

Президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев борбор калаа Бишкектин атын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал өз фейсбук баракчасына жарыялады.

Канча бир жылдардан кийин борбор шаарыбызды Манас деп атоо сунушу келип чыкпас үчүн азыртадан эле өзгөртө бербейлиби? Бул баардык жагынан алып караганда туура болмок. Ал эми Пишпек чеби жайгашкан Свердлов районун Бишкек деп алмаштырсак туура болчудай деп жазат Эмилбек Каптагаев.

Эске салсак Эмилбек Каптагаевдин Кыргызстандын ордо калаасы Бишкектин атын Манас деп которуу демилгеси алгачкы сунуш эмес.  Буга чейин тактап айтканда 2010-жылы ошол мезгилдеги Президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев башында турган “Манас киноэпопея” эл аралык уюму кызыл түстүү тууну көккө которуу, борбор майдандагы “Эркиндик” эстелигинин ордуна Манас айкелин орнотуу сунушун 23-ноябрда Тарых музейинде өткөн жыйында кеңири коомчулукка жар салган.

– Бишкек шаарын Манас деген атка которуу керек. Бул өзү кыргыз улутунун дагы бир жолу кайратына келип, дагы бир жолу силкинип, дагы бир жолу сыймыктана турган улуу нерсе-деген Тургуналиев

Ал эми Тургуналиевдин бул сунушуна коомчулуктун баары эле макул болгон эмес. Мисалы, коомдук ишмер Бегиш Ааматов “Манас киноэпопея” уюму мындан көрө өлкөнүн бүтүндүгү, элдин биримдиги демилгесин көтөрүп чыкса, кыйла пайдалуу болмок деген оюн айткан.

– Эртең Манас дедик. Бүрсүгүнү келип туруп, “жок, мунун атын Семетей коюш керек”,-десе эмне дейбиз? Ал эпос боюнча калышы керек. Манасты баарыбыз сыйлайбыз. Бардыгыбыз Манасыбыз менен мактанабыз. Ал биздин маданиятыбыз. Бирок башка кыла турган ишибиз жокпу?-деген Ааматов.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *