Эмилбек Каптагаев: Алмазбек Шаршенович, ким менен атышканы жатасыз?

Мезгил

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев экс-президент Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн бүтүндөй өлкөнү садага чаап жатканына нааразычылыгын билдирди.

– Алмазбек Шаршенович, бешенеңизге жазылган экен, ошол учурдага кырдаалдын ыңгайы келди – мамлекет башына турдунуз, 2011-жылы президент болуп шайландыңыз. Бирок, муну ачык эле айтуу керек, сиз мамлекет башчысы, журт атасы деңгээлине алты жылда чыга алган жоксуз.

Тилекке каршы бийик даражага инсандык парасатыңыз жетекен жок. Көрпенделик кылып, жеке кызыкчылык, жеке таарыныч, кекчилдик, өзүм билемдик алкагынан чыга албадыңыз, акыры келип мына ушулардын курмандыгы болуп отурасыз. Сыртыңыздан эр жүрөк, айкөл көрүнүүгө аракет кылганыңыз менен, ичиңизден тааруу айланбаган майдачыл экениңизди, мүнөзүңүз алакөөдөн, ала-качма экенин турмуш далилдеди.

Бүгүн дагы сиз кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин келечеги үчүн күйүп-бышкан жоксуз, сиз бүгүн жеке ичкүйдүлүктүн жетегинде жүрөсүз…

Ошондой эле коомдук ишмер Атамбаевдин “жатып өлгөнчө, атып өлөм” деген сөзүнө өзгөчө сын пикирин билдирди.

– Азыр кайра-кайра «атышьш жатып өлөм» – деген сөздөрдү айтып жатасыз. Алты жыл эл башкарган кишинин айта турган сөзүбү? Жок, бул сөз «көчө балдарынын» сөзү. Көчө балдарынын, же мындан бир кылым мурдагы басмачы-каракчылардын деңгээлине түшүп алдыңыз. Бул сөз сырттан жоо чаап, душман келсе айтылса туура болмок, эрдик катары бааланмак.

Азыр ким менен атышканы жатасыз? Кайсы душман, кайсы жоо менен атышасыз?

Сиз бул сөзүңүз менен өзүңүздү мыйзамдан сырткары чыгарып жатасыз, коомду башаламандыкка, туңгуюкка түртүп жатасыз.

Кыргыз мамлекети менен атышканы жатасыз, мамлекеттүүлүктүн тамырын кыйганы жатасыз… эгер түшүнсөңүз. Сиз бүгүн Эгемендүү Кыргыз Республикасын тааныбайм, тааныгым да келбейт деп жатасыз, түшүнгөн кишиге.

Жоругуңуз жолдо калсын, Алмазбек Шаршенович! Ойлонуңуз! Ушунчаңызда токтоңуз!

Мамлекет сизге керек болбой калса – бизге керек! Келечек сизге керек болбой калса – элге керек! Коомду өзүңүздүн жеке ичкүйдүлүгүңүздүн, жеке таарынычыңыздын барымтасына айлантам деген жосунсуз жоругуңузду токтотуңуз! – деди Каптагаев.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *