Эмилбек Каптагаев: Жер талаш жөн эле жай отуруп сүйлөшүп чечип коюучу маселе эмес

Мезгил

Чекара маселесин тезинен чечүүнү талап кылып жаткандар бир нерсени так түшүнүштөрү зарыл – жер талаш жөн эле жай отуруп сүйлөшүп чечип коюучу маселе эмес. Бул тууралуу коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.

Коомдук ишмердин көз карашы боюнча чечүүнун биринчи жолу – СОГУШ. Мындай болсо талаш жерди күчтүүсү алат.

-Экинчи жолу – КЕЛИШҮҮ. Мындай жолдо биз дагы, алар дагы кайсы бир талаш болуп турган жерлерден баш тартышыбыз зарыл, бул жерди биз алалы, ал эми бул жерди силер алгыла, же бул жерди тиги жерге айырбаштайлы деп.

Үчүнчү жолу – ушундай болуп талашып-тартышып, түртүшүп кете берүү, ондогон балким жүздөгөн жылдар бою. Бул үч жол тең дүйнөлүк тарыхта кеңири жазылган, мисалдар толтура. Бүгүн бирөө жазды эле – дүйнөдө 200 гө жакын эгемендүү мамлекет болсо ошонун 70 ке чукулу өз ара чекара талашы бар деп. Башка жол жок-дейт Эмилбек Каптагаев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *