Эмне күлүп отурасыз?! Депутат кайсы чиновникти зекиди

   Мезгил

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев депутаттын сурооса жооп бере албай күлүп отурганы эл өкүлүнүн кыжырын келтирди.  

Депутат Бактыбек Турусбеков “Эмне үчүн   Бишкекте 18 кабаттан өйдө заманбап имараттар  салынбайт?” деген суроону   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиевге узатты.

Ал бийиктиги боюнча ар бир куруучу өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карата сала тургандыгын айтып  эч ким аларды  14, 15 кабаттан ашпа деп кыйнабайт деди ал.  

Анда бүгүнкү мыйзам долбоорунун негизинде айтайын 9-кабатка чейин электрондук камсыздоо берилет. 9 дан өйдө берилбейт, газпромдун өкүлү келгенде да айттым эле. Курулуш компаниялардын баары эле пара күтүп акча алып  болуп салынбай жатат-дейт депутат.

Ал эми Акматалиев депутаттын бул айтканына  

-Бүгүн Бишкекте 20 кабаттуу эки эле имарат бар. Азыркы учурда мурунку норма боюнча 10 кабатка чейин газ менен тамак бышырууга уруксат берилчү.  Азыркы учурда 18 кабатка чейин газ менен тамак бышырганга уруксат берилген-деди.

Эл өкүлү ал өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып жатканын айтты.

-А сиз өзүңүзгө өзүнүз каршы чыгып жатасыз эмне үчүн 25-30 кабат кылбайсыңар. Азыркы заманда 100 кабаттуу үйлөрдү салып жатышат. Мунун баары өрт коопсуздугуна түздөн түз тиешеси бар. Азыр Бишкекте 18 кабаттан турган канча имарат бар деген депутаттын суроона Акматалиев жооп бере албай күлүп кутулду.

Бул депуттын кыжырын келтирип “эмне күлүп отурасыз, сиз кимсиз?! деп ачууланды.  

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *