Кыргызстанда эне сүтүнүн баалуулугун жайылткан “Бала эмизүү” жумалыгы башталды

Мезгил

Кыргызстандын бардык аймактарында ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк саламаттык уюму демилгелеген эне сүтүнүн баалуулугун жайылткан “Бала эмизүү” жумалыгы өтүп жатат. Аталган иш-чарада болочок энелерге жана бала эмизип жаткандарга наристени алты айга чейин жалаң эне сүтү менен багуунун пайдасы түшүндүрүлөт. Аталган жумалык 7-августка чейин уланат.

Эне сүтү баланын дени сак чоңоюшуна, өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө болчу биринчи вакцина. Эмчек эмген бала баштапкы эки жылында эне сүтүн ичпеген ымыркайга салыштырмалуу ар кандай оорулардан оолак болот.

Бирок мультикласстардык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, былтыр Кыргызстанда 6 айга чейинки балдардын 46% гана эне сүтү менен чоңойот экен. Ал эми эки жашка чейинки балдардын 22 пайызы гана эмчек эмет.

Эске сала кетсек, 2008-жылы Кыргызстандагы ымыркайлардын алты айга чейин эне сүтү менен азыктануусун толук кандуу ишке ашыруу багытында мыйзам чыккан. Бирок адистер бул мыйзам толук иштебей жатканын жана ага бир канча факторлор себеп экенин белгилеп келишет. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *